Өзгөчө кырдаалдар министри жер титирөөнүн кесепети боюнча Тоң районунда штабдын жыйынын өткөрдү

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн эртең менен Тоң районунда атайын штабдын отурумун өткөрүп, жер титирөөнүн кесепетин аныктоочу комиссиянын маалыматын укту. Мындан аркы милдеттер боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди. Райондогу энергетикалык кырдаал боюнча Өзгчөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы буларды билдирди:

Тоң районундагы Кажы-Сай шаарчасын электр энергиясы менен камсыздаган “Кажы-Сай” көмөк чордонунда жер титирөө убагында "Фидер-6"  жана 10 кВт  "Поселок", "Завод 2" жана "ЖКО" трансформаторлору авариялык шартта өчүрүлгөн. “Бөкөнбаев” көмөк чордонунда В-110 Т-1 жана Т-2 трансформаторлору коргоодон өчүрүлгөн. 

Текшерүү иштерин жүргүзүүгө Тоң райондук РЭСтин 2 тобу жана "Кажы-Сай", "Бөкөнбаев" ПСтин шаймандарын текшерүүгө Тамга бригадасынын тобу чыккан. ДЭМдин имараты жана курулуштарын текшерүү убактысында жабыркаган имараттар жок болуп чыкты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан