Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн 1 жылдык ишинин жыйынтыгын талкуулайт

Бүгүн, 15-ноябрда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын коллегиялык жыйыны өтөт. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга башкармалык жетекчилери, аскердик бөлүктөрдүн кол башчылары, өкмөттүк аппараттын өкүлдөрү жана башкалар катышат. Отурумда чек ара бөлүктөрүнүн 2014-жылдагы аскердик-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, коррупцияга каршы күрөшүү стратегиясы боюнча Кыргызстандын президентинин тийиштүү буйругунун аткарылышы талкууланмакчы. 
Мындан тышкары тармактын мыкты кызматкерлерине ведомстволук медалдар, Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан