"Ош" чек ара аскердик бөлүгү жаңы курам менен толукталды

"Ош" чек ара аскердик бөлүгү жаңы курам менен толукталды. Бүгүн, 15-ноябрда кызмат өтөөгө чакырылган 147 жаш жоокер ант бергенин Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлайт. Иш-чарага "Ош" чек ара отрядынын жана Аймактык чек ара башкармалыгынын жетекчилиги, жоокерлердин энелери, жакын туугандары жана ардагерлер катышты. Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча Аймактык чек ара башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Мурат Турганбаев: "Бизге чоң жоопкерчилик - Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн коргоо милдети жүктөлгөн. Чек ара кызматында иштөө ар кимге эле буйруй бербейт, ошондуктан бул жерде дене тарбия жагынан гана мыкты болуу эмес, мамлекеттик чек арада кырдаал курчуп кеткенде ыкчам чечим кабыл алуу жөндөмү талап кылынат. Эң башкысы - духтун бекемдиги жана мекенди сүйүү. Силерди мекен алдындагы милдетин татыктуу аткарат деп ишенем",- деп билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан