Бишкекте "Борбор Азия, Ооганстан жана 2014-жылдан кийинки аймактык коопсуздук" аттуу конференция өттү. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 15-ноябрда билдиргендей, Түндүк Атлантика келишим уюмунун (НАТО) "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын 20 жылдыгына карата өткөн жыйынга Дипломатиялык академиянын жетекчилиги, Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилери жана башкалар катышты. Конференцияда Ооганстанда 2014-жылдан кийинки кырдаалдын өнүгүшү, анын аймактык коопсуздукка тийгизчү таасири, бул учурдагы НАТОнун ролу талкууланды.
Ооганстандан 2014-жылы эл аралык күчтөрдүн чыгарылып кетишинен кийинки Борбор Азиядагы кырдаалдын өнүгүшүнө божомолдор тууралуу да кеңири пикирлер айтылды. Жыйынтыгында биргелешкен резолюция кабыл алынды.