Алмазбек Атамбаев айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-ноябрда айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Өлкө башчынын куттуктоосунда булар айтылат: 

“Урматтуу Кыргызстандын айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлери!

Баарыңыздарды кесиптик майрамыңыздар - Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм! Айыл чарбасы, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы - бул мамлекеттин турмушунун негизи. Сиздер жасаган эмгекке жараша калкка байгерчилик келет, мамлекетти бекемдөө жана анын азык-түлүк коопсуздугу камсыз кылынат.

Кыргызстанда өзүн азык-түлүк менен толук камсыз кылуу үчүн мүмкүндүк жана даремет бар. Бирок, тилекке каршы, өзүбүз өндүргөнгө караганда чет өлкөнүн продукциясын көп алып жатабыз.

2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында агрардык өнөр жай комплекси өлкөнү экономикалык өнүктүрүүнүн абдан маанилүү болгон артыкчылыктуу багыты катары белгиленген. Бүгүнкү күндө айыл чарбасын атаандаштыкка жөндөмдүү жана заманбап кылуу үчүн алдынкы технологияларды кеңири колдонуп, оптималдуу чечимдерди табуу, иштиктүү долбоорлорду жүзөгө ашыруу керек. Тармакты башкаруу системин жакшыртып, кооперацияны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү зарыл, биз фермерлердин жана айыл эмгекчилеринин ишенимдүү жардамчысы жана өнөктөшү болууга тийишпиз. Сугат жерлердин аянтын көбөйтүп, жаңы курулмаларды жана ирригация системин куруп, колдонулуп жаткандарын реконструкциялоо керек. Продукцияларын башка өлкөлөргө экспорт кылууга даяр болгон өзүбүздүн фермерлерди жана өндүрүүчүлөрдү ар тараптан колдоого алуу зарыл.

Кыргызстан Бажы союзуна кошулууга даярданууда. Интеграциялык процесстер биздин айыл чарба өндүрүүчүлөр, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы үчүн кеңири мүмкүндүк ачат. Кыргызстан мал чарба жана айыл чарба продукцияларын экспорттоодо региондогу алдынкы өлкө болууга тийиш. Бул үчүн дыйканчылыкта жана кайра иштетүүдө топтолгон бардык тажрыйбаны, агрардык жааттагы окумуштуулардын илимий дареметин колдонуу зарыл.

Урматтуу айыл эмгекчилери, фермерлер, малчылар жана дыйкандар!

Сиздер жасаган эмгек - баа жеткис. Татаал шарттарда, ысык-суукка карабай үзүрлүү иштеп жатасыздар. Сиздерге терең ыраазычылык билдирем.

Сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай, байгерчилик каалайм. Эгемендүү Кыргызстан үчүн жасап жаткан эмгегиңиздер берекелүү болсун!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан