Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 15-ноябрда борбор шаарда "Jashtar Camp" аттуу иш-чарага катышууда. Анда катышуучулардын бири өкмөт жетекчисинин күн сайын галстук алмаштыра турганын айтып, канча галстугу бар экенин сурады. Жоомарт Оторбаев галстуктарынын так санын айткан жок, бирок бул тууралуу кыскача пикир билдирди. "Мен белек тартуулоо оңой болгон адамдардын биримин. Мага белек бергиси келгендер жөн эле дүкөнгө барып 200 сомго галстук алышат. Мен аларды шкафка илип, күн сайын кезек-кезеги менен тагынам",- деп жооп берди премьер-министр.