Жоомарт Оторбаев жаштарды саясатка активдүү аралашууга чакырды

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 15-ноябрда "Jashtar Camp" аттуу иш-чарага катышуу учурунда "саясат менен алектенүү керек, айрыкча жаштар" деп билдирип, жаштарды саясатка активдүү аралашууга чакырды. Оторбаев саясат ар бир жарандын жашоосуна байланышкан тармак экенин белгилеп буларды кошумчалады: 
"Статистика көрсөткөндөй, жаштар шайлоолорго аз келишет. Бул деген "бизди жалаң кары-картаңдар, консерваторлор шайлап жатат" дегенди түшүндүрөт. Шайлоолор же башка бир уюмдар аркылуу болуп жаткан процесске көбүрөөк аралашуу керек. Ким өзүнө ишенсе, саясатка аралашуусу кажет. Болбосо бийликке татыктуу эмес адамдар келе берет".  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан