Кыргызстанда быйылкы жылдын башынан бери мамлекеттик чек араны бузуу боюнча 252 факт катталды. Маалымат бүгүн, 15-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын коллегиялык жыйынында айтылды. Мекеменин маалыматы боюнча, 2014-жылдын январь-октябрь айларында мамлекеттик чек арада 40 окуя катталды. Кыргыз-тажик чек арасында 32, кыргыз-өзбек чек арасында 5, кыргыз-казак чек арасында 2, кыргыз-кытай чек арасында 1 окуя болгону айтылды. Чек арада болгон окуялардын көрсөткүчү мурунку жылдын деңгээлинде калууда.