Бишкекте Дүйнөлүк банктын жакынкы пландары талкууланды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 14-ноябрда Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин жаңы дайындалган башчысы Жан-Мишел Хаппи менен жолугушту. Муну аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Тараптар Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы долбоорлорунун аткарылышын жана учурдагы долбоорлорун ишке ашырууну талкуулашты. Мындан тышкары банктын Кыргызстан боюнча жакынкы пландары жана милдеттери тууралуу сөз болду.  
Айта кетсек, Дүйнөлүк банк Кыргызстанда 1992-жылдан бери иш жүргүзүп келет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан