Нуржан Таштанов Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 12-ноябрда өкмөт башчы
Жоомарт Оторбаев кол койгонун министрликтен билдиришти. Таштановду жамаатка юстиция министри
Алмамбет Шыкмаматов тааныштырып, анын ишине ийгилик каалады.
Нуржан Таштанов:
1974-жылы 19-октябрда Талас облусунун Бакай-Ата районунда туулган.
1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин артыкчылык менен бүтүргөн.
Кесиби - юрист.
Эмгек жолун 1996-1998-жылдары Юстиция министрлигинде бөлүмдүн адиси болуп иштөөдөн баштаган.