Жогорку Кеңештин төрагасы
Асылбек Жээнбеков
бүгүн, 15-ноябрда Тажикстандын премьер-министри
Кохир Расулзаданы
кабыл алды.
Тажикстан менен болгон кызматташууну өнүктүрүү керектигин белгилеген төрага: "Кыргызстан Тажикстан менен эки тарапка пайдалуу болгудай нукта
бардык багыттар боюнча кызматташууга кызыкдар",- деп билдирди. Спикер чек ара маселеси боюнча өкмөттөр аралык
комиссиянын ишин жандандыруу керектигин айтты. "Мурдатан калган маселелерди
ынак коңшулук маанайда, эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен конструктивдүү
нукта чечүү керек. Эки мамлекеттин элдеринин бир туугандык мамилесин сактоо жана
бекемдөө – биздин негизги милдетибиз",- деди Жээнбеков.
Расулзада өкмөттүк
делегациялардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу төрагага маалымат
берип, өкмөттөр аралык комиссиянын ишин оң баалады. "Өкмөттөр аралык
комиссиянын ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берген тараптар комиссия
тең төрагалыгынын деңгээлин вице-премьер-министрдин деңгээлине чейин көтөрүштү. Сүйлөшүүлөрдүн
жана жолугушуулардын аркасында чек ара маселелерин чечүүнүн жолун табабыз",- деди премьер.
Жолугушууда энергетика жана байланыш жаатындагы кызматташуу да талкууланды.