Кыргызстандык чек арачылар быйыл 114 килограмм баңгизат колго түшүрүшкөн

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 2014-жылдын 10 айында баасы 5 миллион сомдук аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан жүктү колго түшүрүштү. Аталган мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, жыл башынан бери чек арачылар 114 килограмм баңгизат, ок атуучу 10 курал, 164 курал-жарак, 62 даана ок-дары колго түшүрүшкөнү Мамлекеттик чек ара кызматынын 15-ноябрда өткөн коллегиялык жыйынында айтылды. 
Жыл башынан бери чек арачылар күч түзүмдөрү менен бирге чек арадан курал алып өтүүгө аракет кылган 4 адамды колго түшүрүшкөн. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан