2014-жылдын 10 айында Кыргызстандын чек арасын 13 миллион адам кесип өткөн

2014-жылдын 10 айында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын 13 миллион адам кесип өткөн. Муну бүгүн, 15-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Жыл башынан бери мамлекеттик чек араны 1 миллиондон ашык автоунаа кесип өтсө, документтери туура эмес 5749 адам токтотулган. Маалыматка таянсак, учурда Мамлекеттик чек ара кызматында 96 чек ара ыйгарым укуктуу жаран бар. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев мекеменин коллегиялык жыйынында жетекчилерге коррупция менен күрөшүү үчүн катуу чараларды колдонуу тапшырмасын бергени айтылды. 
Коллегиялык жыйында "Баткен" чек ара отряды "2014-жылдын мыкты чек ара отряды" деп, "Баткен" чек ара отрядынын "Капчыгай" заставасы "2014-жылдын мыкты чек ара заставасы" деп табылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан