Райимберди Дүйшөнбиев чек ара ыйгарым укуктууларына курал берилбей турганын айтты

Мамлекеттик чек ара кызматы өлкөдөгү чек ара ыйгарым укуктууларына курал берүү демилгесин колдобойт. Муну бүгүн, 15-ноябрда маалымат жыйында Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев билдирди. "Аскер кызматкерлеринин куралды алууда, аны колдонууда жана сактоодо катаал тартиптери болот. Жөнөкөй жарандарга курал берүүнүн жоопкерчилиги чоң, антүүнүн кереги жок",- деди Дүйшөмбиев.
Айта кетсек, чек араны кайтарууну күчөтүү үчүн парламент жакында чек ара ыйгарым укуктууларына курал берүүгө жол ача турган мыйзамды кабыл алган. 
Чек ара ыйгарым укуктуусу – мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо иштерин жүргүзгөн, мамлекеттик чек арадан өтүү режиминин бузулушуна көзөмөл жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын өкүлү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан