Алмазбек Атамбаевдин атынан Тоголок Молдо атындагы жатак-мектептин окуучуларына кийим-кече тапшырылды

Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан бүгүн, 15-ноябрда Бишкектеги Тоголок Молдо атындагы жатак-мектептин окуучуларына спорттук кийим-кече топтому тапшырылды. "Президенттин тапшырмасы менен жатак-мектептин окуучуларына спорттук кийим жана бут кийимден турган 80 топтом (комплект) тапшырылды. Кийимдер атайын ар бир окуучу үчүн ата мекендик компаниялардын биринде даярдалды",- деп билдирди президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов белектерди тапшыруу аземинде. Бул кийимдер үчүн президенттик фонддон 500 миң сом бөлүнгөн. 
Айта кетсек, быйыл 3-октябрда президент аталган жатак-мектеп менен таанышып чыккан жана ал мекемеге 1 миллион сом бөлгөн эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан