Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим,
маданият жана спорт боюнча комитетинин депутаттары 14-ноябрда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси
Метин Кылыч
менен жолугушту. Комитет төрагасы
Каныбек Осмоналиев элчини жаңы кызматка дайындалышы
менен куттуктап, Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчи тааныган Түркия менен Кыргызстандын кызматташтыгы жакшы жолго коюлганын айтты.
Депутаттар Түркиянын Кыргызстандагы билим берүү долбоорлору ийгиликтүү
ишке ашып, сапаттуу кадр даярдоого салым кошуп жатканын белгилешти.
Метин Кылыч тарыхы, тили, маданияты, дили орток
болгон эки элдин өлкө жетекчилеринин саясий жана экономикалык жактан
кызматташтыгы жогорку деңгээлде экенин билдирип: "Эки боордош өлкө ортосундагы мамиле саясий
кызматташтык менен эле чектелип калбай, билим берүү, маданият, адабият чөйрөлөрүнөн
да кызматташуубуз зарыл”,- деди.