Орусиянын президенти Владимир Путин Австралиядагы "Чоң жыйырмалык" (G20) саммитинде жалпы эртең мененки тамактанууга катышкан жок. Мунун себебин Орусия лидери уктоо зарылчылыгы менен байланыштырып, мындан кыйкым издебөөгө чакырды. "Мен жалпы тамактанууга барган жокмун, бирок ал жакта биздин каржы министрибиз калды. Мындан ары Владивостокко 9 саат, андан ары Москвага чейин дагы 9 саат учуу керек болот. Үйгө жетип, дүйшөмбү күнү жумушка чыгыш керек. 4-5 саат уктап алышым зарыл",- деди Путин.
Орусия президенти саммит натыйжалуу болгонун кошумчалады.
Белгилей кетчү жагдай, саммиттин алкагында АКШ, Япония жана Улуу Британиянын лидерлери Орусиянын Крымды өзүнө каратып алганын, Украинанын чыгышындагы аракеттерин катуу айыпташты. "Украинанын чыгышында баш аламандык жаратууну токтот!" деген пикир билдиришти. Австралиянын премьер-министри Тони Эббот быйыл июль айында Донбасстын үстүнөн учуп бара жаткан жеринен жардырылган малайзиялык Боинг 777 учагы үчүн Москва жоопкерчилик тартышы керектигин айтып, Путинди "Советтер Союзун кайра түзгөнү жатат" деп кескин сындады. "Чоң жыйырмалык" алгач Путинди саммитке катыштырбоо маселесин талкуулап, бирок мүчөлөр бир пикирге келе алышпаганы да айтылды.
Айтор, саммитте Орусия лидеринин дарегине олуттуу айыптоолор айтылды. Мунун баары кайсы бир деңгээлде таасирин тийгизип, Путиндин саммиттин акыркы этабына катышпай кетип калышы да ушуга байланыштуу болушу ыктымал.
Айта кетсек, АКШ, Орусия, Германия, Кытай, Франция жана башка жалпы 20 өлкөнүн лидерлери катышкан "Чоң жыйырмалыктын" саммити 15-16-ноябрь күндөрү Австралияда өттү.