Кытайда жакында өткөн Азия-Тынч океан кызматташтык уюмунун саммитинде АКШ президенти Барак Обаманын өзгөчө жүрүм-туруму көпчүлүктү көңүл бурууга аргасыз кылды. Чет элдик маалымат булактары жарыялашкандай, Обама саммиттеги расмий жолугушууларда да сагыз чайнап жүргөн. АКШ лидери эмне үчүн дайыма сагыз чайнап жүрөт? АКШнын тышкы саясаттагы багытына президенттин мындай адатынын таасири тиеби? Айтылуу "Washington Post" гезити буга жооп издеген. Төмөндө басылманын материалынын кыскача котормосу:
Барак Обаманын терапевти быйыл июнда президентти үчүнчү жолу текшерүүдөн өткөргөн. Дарыгер отчётунда бир кичинекей көйгөйдү: өлкө башчынын чылымга болгон кумарынын кесепетин эске албаганда, президент мыкты формада экенин жазган. Отчётто президент чылым чегүү адатынан никотиндүү сагыздын жардамы менен арылганы айтылат. Сагызды сүйүүчүлөрдүн арасынан америкалык президенттейди табуу кыйын. Обама аба-аскердик күчтөрдү текшерүү маалында, шайлоо кампаниялары кайнап турган учурда, Экинчи дүйнөлүк согуштун башталганынын 70 жылдыгына арналган иш-чарада, ал тургай жакында Пекинде өткөн Азия-Тынч океан кызматташтык уюмунун саммитинде да сагыз чайнап жүрдү. Бул учурда Владимир Путин өзүнүн кичи пейилдиги менен айырмаланса, Обама "резинка" чайноосу менен эсте калды.
Анын фишкасы ушундай. Канчалык аны сындашпасын, Обама мындан баш тартпайт.
Барак Обаманын жардамчылары президенттин тамеки чегүүнү таштоо аракетин "бүт өмүр күрөшүү" деп аташат. "Мен чылым чегүүнү өспүрүм куракта баштагам. Мындай адаттан баш тартуу канчалык кыйын экенин да билем",- деп моюнга алган Обама 2009-жылы. 2010-жылдын ортосунда Обаманы текшерүүдөн өткөрүшкөн дарыгерлер командасы анын дагы эле чылым чегерин айтышкан. Анда Ак үйдүн врачы Жеффри Кульман өлкө башчысына мындай жаман адатты никотиндүү сагыздын жардамы менен жеңүүнү сунуштаган.
Президентти туура түшүнүүгө баары эле жөндөмдүү эмес, айрыкча француздар. Экинчи дүйнөлүк согуштун башталганынын 70 жылдыгына карата өткөн иш-чарадан кийин социалдык желенин колдонуучуларынын бири "Ойлонуу гана керек! Обама дээрлик тынымсыз сагыз чайнап жүрдү" деп жазса, экинчиси "Кандай урматсыздык! Обама ханыша менен оозундагы сагызын албай туруп учурашууга батынды" деп жазган.
Америкалык президенттин сагыз чайнап жүрүшүн Пекинде кытайлыктар да кубануу менен кабыл алышкан жок. "Бул америкалыктардын абийиринде, бирок салттуу кытай маданиятында мындай жүрүм-турум олуттуу эместиктин жогорку чеги!" деп жазды Кытайдын басылмаларынын бири.
Кытайда сагыз урматсыздыктын белгиси деп айтылганы менен, аталган өлкөдө сагыз колдонуунун көлөмү өтө жогору. Бир кытай жараны 1 жылда орточо эсеп менен 10 таңгак сагыз колдонот. Ошондо кытайлыктар бир жылда 14 миллиард куту сагыш колдонушат.
Барак Обаманын сагыз чайнашынын белгилүү себеби болгону менен, анын жүрүм-туруму көпчүлүккө өөн учураган бойдон калууда. Мисалы, кайсы бир учурда президенттик учакта болгон "New Yorker" журналынын башкы редактору Дэвид Ремник: "Бардык учууларда Обама жашыруун түрдө никотиндүү сагыз чайнады. Мен өзүм периште болбосом да, анын бул адатын көрүп нес болдум",- деген.