Жогорку Кеңештин төрагасы расмий иш сапары менен Японияга барат

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Япония парламентинин Кеңешчилер жыйынынын президенти Масааки Ямадзакинин чакыруусу боюнча 18-20-ноябрь күндөрү Японияга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу 17-ноябрда ЖКнын маалымат кызматы кабарлады. 

Иш сапардын алкагында Япония парламентинин эки палатасынын спикерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Япония жетекчилиги менен жолугушуулар болору күтүлүүдө. Парламенттик делегация Технологиялык өркүндөтүүнү алга жылдыруу жана инновациялык жетишкендиктерге көмөктөшүү боюнча ассоциацияга, “Токионун кичи жана чакан бизнесинин өнөр жай көргөзмөсү - 2014” айыл чарба көргөзмөсүнө баруусу пландалууда. Делегация Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин президенти А.Танака менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мындан тышкары кыргыз депутаттары Токио шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан