Кыргызстандын "Чет өлкөлөрдөгү алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү кирүүдө

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 17-ноябрдагы жыйынында “Чет өлкөлөрдөгү алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө 1956-жылдын 20-июнундагы конвенцияга кошулуу тууралуу” КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда. Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Нуржан Таштанов баяндама жасап, мыйзам долбоорунун максатын түшүндүрүп берди. "Мыйзам долбоорунун максаты - мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу. Кыргызстан аталган конвенцияга 2003-жылы кошулган. Анда бул мыйзамды аткаруу милдети Юстиция министрлигине жүктөлгөн. Ал учурда Сот департаменти Юстиция министрлигинин алдында болчу. Азыр Сот департаменти Жогорку Соттун алдында. Ошондуктан мыйзамдагы Юстиция министрлиги деген түшүнүктү Сот департаменти деп өзгөртүү сунушталууда",- деди Таштанов. 

Комитет мыйзам долбоорун жактырды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан