Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун оңдоого кошумча 15 миллион доллар бөлүнгөнү жатат

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун оңдоого кошумча 15 миллион доллар бөлүнгөнү жатат. Муну парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 17-ноябрдагы жыйынында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнест Мамырканов билдирди. "Аталган жолдун 469-539-чакырымдарындагы оңдоо иштеринин 70 пайызы бүттү. Жолду оңдоого Азия өнүктүрүү банкынан кошумча 15 миллион 100 миң доллар бөлүнгөнү жатат. Грант түрүндө 4 миллион 300 миң доллар, насыя түрүндө 10 миллион 800 миң доллар берилмекчи. Макулдашуу долбоору эки комитетте жактырылган",- деп билдирди Мамырканов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан