Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 17-ноябрда билдирди.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:
"Урматтуу кинематография кызматкерлери!
Бардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз киносунун күнү менен куттуктайм!
Каардуу Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында тушоосу кесилген кыргыз киносунун даңазалуу тарыхы бар. Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Альгимантас Видугирис сыяктуу режиссёрлор кинематографиябыздын башатында туруп, калыптанышына, өнүгүшүнө зор салым кошкон. Кыргыз киносун эл аралык деңгээлге көтөрүп, «кыргыз кереметин» жаратып, элибизди дүйнөгө даңазалаган.
Кыргыз киносунун өнүгүшүнө Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов, Сүймөнкул Чокморов, Болот Бейшеналиев, Таттыбүбү Турсунбаева сыяктуу көрүнүктүү актёрлор жакшы өбөлгө түзүп кетишкен.
Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов дагы киноискусствобузду өнүктүрүүгө татыктуу салым кошту. Анын чыгармаларынын негизинде тартылган «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Кызыл алма», «Ак кеме» сыяктуу тасмалары дүйнөлүк кинематографиянын алтын казынасынан татыктуу орун ээлеп калды.
Жакшы салттары, белгилүү режиссёрлору, сценаристтери, актёрлору менен сыймыктанган кыргыз киносу эгемендүүлүк жылдары кайрадан жандана баштады. Кино тармагына татыктуу жаштардын жаңы толкуну келип, улуу муундун эстафетасын улантып жаткандыгына күбөбүз.
Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн тарыхындагы алгачкы ирет мамлекеттин тапшырмасы менен «Курманжан датка» көркөм тасмасынын тартылышы маданий турмушубуздагы жакшы саамалык болуп калды. Кино чеберлерибиз тарыхый инсандын тагдырына кайрылып, элибиздин, мамлекетибиздин келечеги үчүн тынчтыкты, ынтымакты бекемдөөнүн маанисин дагы бир ирет баса белгиледи.
Кинематографисттердин жаңы мууну кыргыз киносунун мыкты жөрөлгөлөрүн татыктуу улантып, улуттук маданияттын маанилүү бир бөлүгү болгон киноискусствону өнүктүрүп, элибизди жаратмандыкка, мекенчилдикке жана бийик адамгерчиликке шыктандырат деп ишенем. Анткени кино - мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө, маданий дөөлөттөрүбүздү эл арасына кеңири жайылтууга, келечеги кең, өнүккөн өлкө курууга көмөктөшчү эң таасирдүү искусство.
Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана чыгармачылык ийгиликтерди, ал эми Кыргызстаныбызга тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм!"