Ош шаарына жаңы троллейбустарды сатып алууга 9,6 миллион евро бөлүнмөкчү

Ош шаарына жаңы автобус жана троллейбустарды сатып алууга 9,6 миллион евро бөлүнгөнү жатат. Каражат дүйнөлүк уюмдардын биринен алынганы жатканын Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 17-ноябрдагы жыйынында каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев билдирди. Анын айтымында, акчанын бир бөлүгү грант, экинчи бөлүгү насыя түрүндө берилүүдө. Насыяны төлөө мөөнөтү 12 жыл. “Каражаттын 9 миллион евросу жаңы троллейбус жана автобустарды сатып алууга, аларда жүрүүдө билеттерди автоматташтыруу иштерине жумшалат. Калганы башка чыгымдарга кетет”,- деди министрдин орун басары. 

Демилге комитетте жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан