Жогорку Кеңештин комитети Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына Кылычбек Султановдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 17-ноябрдагы жыйынында депутаттар Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси кызматына Кылычбек Султановдун талапкерлигин жактырышты. Муну депутат Жоомарт Сапарбаев билдирди. Анын айтымында, К.Султановдун талапкерлигин депутаттар бир добуштан колдошту. Айта кетсек, аталган маселени депутаттар жабык эшик артында карашты. 

Султанов Кылычбек Камчыевич 1975-жылы 7-декабрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырзаке айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Электрондук эсептөөчү техникалардын өндүрүшү тармагы боюнча билим алган жана финансы жана кредит бөлүмүндө экономист адистигине ээ болгон. 

2002-жылы - “Супер-Инфо” гезитин негиздеген.

2002-2008-жылдары - "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору.  

2008-2009-жылдары - ЭлТР телеканалынын башкы директорунун орун басары болуп эмгектенген.

2009-2012-жылдары - "Компьютер-Пресс" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти. 

2012-жылы - КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп дайындалган.

2012-2013-жылдары - КРнын Социалдык өнүгүү министри болуп иштеген. 

2008-жылы - “Улуттук гезит” сыйлыгынын “Жылдын медиа менеджери” наамынын ээси.

2011-жылы - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан