Кыргызстанда жер тилкелерин ижарага берүү мөөнөтү 10 жылга кыскартылууда
Жогорку
Кеңештин Агрардык
саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 17-ноябрдагы жыйынында Кыргызстанда жер тилкелерин ижарага берүү мөөнөтүн кыскартууга
багытталган мыйзам долбоору каралды. Демилгечи депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттин карамагында
турган айыл чарба, турак жай куруу багытындагы жер тилкелеринин ижара мөөнөтүн
кыскартууну көздөйт. Ага ылайык, айыл чарба багытындагы кайрак жерлерди ижарага берүү мөөнөтү 10 жылга, сугат жерлерди берүү 5 жылга кыскартылууда. Эски норма боюнча мамлекеттин сугат жерлери ижарага 45 жылга берилип келген.