Депутаттар Улуттук банктын төрагасын "ишин жакшы билбейт" деп сындашты

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 17-ноябрдагы жыйынында депутаттар Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду сынга алышты. Депутат Мамытбай Салымбеков: “Коммерциялык банктардын кызыкчылыгын көздөп жатасыз. Андай болсо, сиздин ордуңузга элдин кызыкчылыгын көздөгөн жетекчини алып келүүгө туура келет”,- деп билдирди. Анын айтымында, банк жетекчиси өз милдеттерин так билбейт. “Сиз ушул багыттагы саясатты жүргүзчү кишисиз. Бул жерде коммерциялык банктардын таламын талашып жатасыз. Эң алгач жарандар менен банктын ортосундагы бирдиктүү позицияны түзүп берип, банктарга “мына бул мүлктү күрөөгө аларда ушунча пайыз менен аласың, болбосо жок” деп бир чекке отургузуп коюшуңуз керек”,- деди депутат.

Жыйында банк төрагасы коммерциялык банктар адамдардын жеке мүлктөрүн ижарага алууда эки тараптын ортосундагы өз ара келишим болорун айтып, бирок ага Улуттук банк көзөмөл кыла албай турганын билдирди. “Кыргызстанда эки гана мамлекеттик банк бар. Ал эми коммерциялык банктар адамдардын мүлкүн күрөөгө аларда канчалык пайыз менен алары өздөрүнүн иши. Биз аларга эч кандай кийлигишпейбиз”,- деп кошумчалады Абдыгулов.      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан