Тармактык комитет “Ветеринария жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети “Ветеринария жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда карады. Демилгечи депутат Талантбек Узакбаев мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуулар өткөрүлгөнүн жана өкмөт тарабынан, депутаттардан бир катар сунуштар түшкөнүн айтып, экинчи окууда колдоп берүүнү суранды. Мыйзам долбоору калктын жана малдын саламаттыгын сактоону камсыз кылуу, малдын асылдуулугун жана азыктуулугун жогорулатуу, Мамлекеттик ветеринария кызматынын так аныкталган башкаруу байланышын түзүүгө багытталганы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан