Бүгүн, 17-ноябрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, министр өлкө башчыга 14-ноябрда Ысык-Көл облусунда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Президент министрликке жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Ысык-Көл облусундагы жер титирөөнүн, биринчи кезекте билим берүү жана саламаттык сактоо объектилериндеги кесепеттерин жоюу боюнча бардык күч-аракетти жумшоо милдетин тапшырды.
Мамлекет башчы министрлик жана өкмөттүн алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай чарба мамлекеттик агенттиги менен бирдикте мүмкүн болчу жер титирөөлөрдө тобокелдиктердин алдын алуу максатында турак жай жана социалдык инфраструктура объектилеринин курулуштарынын сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү зарылчылыгын белгиледи.
Андан сырткары Алмазбек Атамбаев өкмөт табигый кырсыктын натыйжасында өлкөбүздүн жарандарынын турак жайларына келтирилген чыгымды милдеттүү түрдө камсыздандырууну тездетүү керектигин айтты.