Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети бүгүн, 17-ноябрда бир нече эл аралык долбоорду кароону кийинки аптага калтырды. Мындай чечим кабыл алууга чакырылган министрлердин жыйынга келбей калганы себеп болду. Жыйында Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Электр жабдуунун отчёттуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору, "Токмок шаарын суу менен жабдуунун жана канализация системин реабилитациялоо" долбоору боюнча Кыргызстан менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуунун долбоору каралмак.
Жыйынга каржы министри Ольга Лаврова, энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев чакырылган эле.