Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Ош-Баткен-Исфана унаа жолун оңдоого 23 миллион 760 миң доллар бөлүү демилгесин колдоду. Комитеттин 17-ноябрдагы жыйынында Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыялык макулдашуу долбоорун талкуулап, жыйынтыгында жактыруу чечими кабыл алынды. Аталган макулдашууга 2014-жылдын 25-июнунда Сауд Арабиясында кол коюлган.
Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнест Мамыркановдун айтымында, аталган жолду оңдоого өкмөттөн 2,4 миллион доллар бөлүнүүдө.