Чаткалдагы кендерди иштетүү боюнча жакында аукцион уюштурулат

Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев 13-ноябрда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна барып, аким жана жергиликтүү бийликтин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Иш сапардын максаты - Чаткал районунда жайгашкан кендерди иштетүү боюнча аукцион уюштуруу жана аймакта иштеп жаткан компаниялардын иши менен таанышуу болгонун аталган агенттик кабарлады. 
Зилалиев жакында Геология агенттиги бир катар кендер боюнча аукцион өткөрүүнү пландап жатканын айтты. "Жергиликтүү бийлик мындай аукционду өткөрүүнүн социалдык-экономикалык максатын туура түшүнүшү керек. Силер жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүңөр жана аталган иш-чарага дыкаттык менен дардашыңар зарыл",- деди Зилалиев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан