Литва мамлекети 2015-жылдын 1-январынан тарта евро валютасына өтөт. Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы билдиргендей, 2015-жылдын 14-январына чейин аталган өлкөдө евро менен литва лити (Литванын улуттук валютасы) паралеллдүү түрдө иштейт. Ал эми 15-январдан кийин лит пайдалануудан калат. Буга байланыштуу Кыргызстандын Улуттук банкы 2015-жылдын 15-январынан баштап литва литинин кыргыз сомуна карата курсун аныктоону токтотот. Бул маалыматты Литва менен алакасы бар кыргызстандык ишкерлер билүүсү зарыл экенин билдирет Бажы кызматы.