Кыргызстанда диний экстремизм жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программа түзүү зарыл. Муну парламент депутаты Нурлан Төрөбеков бүгүн, 17-ноябрда Ош шаарында Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин көчмө жыйынында билдирди.
Төрөбеков белгилегендей, мындай мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган координациялык кеңеш түзүлүшү керек. “Балким, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкамалыгынын, Ички иштер министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнөн турган координациялык кеңеш өлкөдөгү улуттук идеологиянын жоктугунан келип чыккан мындай көйгөйдү чече алат”,- дейт депутат.
Анын пикиринде, калктын көпчүлүгүн тартуу менен гана диний экстремизм жана эл аралык терроризм көйгөйү чечилиши мүмкүн.