Ички иштер министринин биринчи орун басары болуп Нурбай Касымбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка бүгүн өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койгон. Нурбай Касымбаев буга чейин Ички иштер министрлигинин Кадрлар башкы башкармалыгын жетектеп келген. Жаңы орун басарды министрликтин борбордук аппаратына вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев тааныштырды.
Ал эми ички иштер министринин мурдагы биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.