Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда президент аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Маалым болгондой, мыйзам Конституцияга, “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер жөнүндө” мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.
Мыйзамдын беренесинде тарыхий-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын компетенциясы такталган, “ЮНЕСКОнун алдындагы Бүткүл дүйнөлүк мурас комитети” деген сөздөр “Бириккен Улуттар Уюмунун бүткүл дүйнөлүк мурастарды сактоо чөйрөсүндөгү бөлүмдөрү” деген сөздөргө алмаштырылды. Ошондой эле чарба иштерин жүргүзүүдө жана жер тилкени өздөштүрүүдө археология эстеликтерин чалгындоо жана казууларды жүргүзүүнүн тартиби такталган.
Айта кетсек, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 15-октябрында кабыл алынган. Ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.