Алмазбек Атамбаев билим берүү, маданият тармагындагы колдоолору үчүн Жорж Сороско ыраазычылык билдирди

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 17-ноябрда "Сорос" фондунун негиздөөчүсү Жорж Сорос менен жолугушту. Президенттик аппараттан билдиришкендей, жолугушууда "Сорос-Кыргызстан" фондунун ишмердүүлүгү, мунун ичинде маданий-гуманитардык, социалдык-экономикалык тармакты колдоо боюнча фонд ишке ашырып жаткан программалар талкууланганын президенттик аппараттан билдиришти. 
Тараптар Борбордук Азиядагы Америка университетинин ишмердүүлүгүн да талкуулашты. Мамлекет башчы инвестор Жорж Сороско Кыргызстанда билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана экономика тармагында жарандык демилгелерди колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан