Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн Казакстанда өтчү эл аралык конференцияга катышат

Бүгүн, 18-ноябрда Казакстандын Алматы шаарында "Манас" эпосун изилдөөдөгү казак окумуштууларынын ролу" деген темада залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Гүлнара Жамгырчиева, Майрамкүл Тиленчиева, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Эсенгул Өмүралиев жана башка окумуштуу, илимпоздор катышарын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Конференциянын башкы максаты - кыргыз жана казак элдерин "Манас" дастанында чагылдырылган окуялар менен тааныштыруу, казак окумуштууларынын "Манас" эпосун изилдөө жаатында кошкон салымын белгилөө. Иш-чарада манасчылар "Манас" эпосунан үзүндүлөрдү айтышмакчы. Жогорку Кеңештин депутаттары Казакстанда жашаган кыргыз диаспорасы менен да жолугушары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан