Бүгүн, 18-ноябрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин жетекчилиги астында 3-Эл аралык "Айыл-агро-2015" көргөзмөсүн өткөрүүнү уюштуруу комитетинин жыйыны болду. Сарпашев "Айыл-агро" көргөзмөсүн жыл сайын уюштуруу жакшы салтка айланып калганын билдирди.
"Мурунку эки көргөзмө ата мекендик фермерлердин заманбап техникаларга жана айыл чарба багытындагы алдынкы технологияларга чоң кызыгуусун жараткан. Фермерлер кооперативдерди түзүп, лизингге жаңы техникаларды ала башташты. 2015-жылы көргөзмөгө мурункудан да көп өлкөлөр катышат",- деди биринчи вице-премьер.
Жыйында белгилүү болгондой, аталган көргөзмө 2015-жылдын 20-22-май күндөрү Бишкек шаарындагы эски аянтта өтөт. Иш-чарага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 55 компания катышары, көргөзмөгө техникалардын жүздөн ашык түрү коюлары айтылды.