2014-жылдын ноябрь айына бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин жалпы кирешелеринин, ресурстарынын жана чыгашаларынын финансылык планына ылайык, ушул айда республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгү 7 миллиард 758,8 миллион сомго, чыгаша бөлүгү 8 миллиард 312,7 миллион сомго пландалууда. Бул тууралуу 17-ноябрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, “Имараттар жана курулмалар” беренеси боюнча чыгымдарга республикалык бюджеттен 944,5 миллион сом, “Машиналар жана жабдуулар” беренеси боюнча – 114,7 миллион сом, эмгек акыга – 1 миллиард 714 миллион сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулга – 1 миллиард 255 миллион сом, жаратылыш кырсыктарын жоюу боюнча иш-чараларга 90 миллион сом жумшалмакчы. Калган каражаттар чыгымдардын корголгон жана корголбогон башка беренелери боюнча жана мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалат.