Оштогу мугалимдер өкмөттөн үй курууга жер бөлүп берүүнү суранышууда

Ош облусундагы мугалимдер өкмөттөн үй курууга жер бөлүп берүүнү суранышууда. Муну алар жакында парламент депутаты Айнуру Алтыбаева менен жолугушууда айтышканын 18-ноябрда ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Социалдык жактан колдоону сурангандар Нариман айылындагы №93, 80, 92-орто мектептердин, Кулбаев атындагы орто мектептин (№18), А.Сулайманов атындагы орто мектептин (№57) жана Ч.Айтматов атындагы орто мектептин (№69) окутуучулар жамааты. Депутат менен жолугушууда мугалимдер окуучулардын тамак-ашын жана окуу жабдыктарын жакшыртуу, окуу куралдарынын жетишсиздиги жана мугалимдердин айлык маянасынын аздыгын айтышкан. Алар 2015-жылга республикалык бюджеттен мектеп мугалимдердин маянасын көтөрүүгө каражат бөлүүнү суранышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан