Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Каржылоо жөнүндө макулдашуу" ратификацияланды

Президент Алмазбек Атамбаев "2014-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Каржылоо жөнүндө макулдашууну" (Борбордук Азиядагы жол каттамдарын жакшыртуу боюнча долбоору) ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 22-октябрында кабыл алынган бул мыйзамга ылайык, Кыргызстандын Каржы министрлигине Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргызстан тараптан жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоо милдети жүктөлдү. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан