Бүгүн өкмөт "Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк" программасы менен 16,8 миллион долларга меморандумга кол коёт

Бүгүн, 20-ноябрда КРнын Социалдык өнүгүү министрлиги БУУнун "Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк" программасы менен социалдык коргоону күчөтүү жана азык-түлүк менен камсыздоону жакшыртуу боюнча меморандумга кол коюшат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бул келишим 16,8 миллион АКШ долларына бааланууда. Меморандумдун алкагында Социалдык өнүгүү министрлиги аталган уюмга техникалык колдоо жана азык-түлүктү сактоодо, ташууда жардам көрсөтмөкчү. "Кол коюу аземинде социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев жана КРдагы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өлкөлөр боюнча директору Рам Сараванамутту катышышат",- деп билдирет министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан