Турсунбай Бакир уулу депутаттарды Бүткүл дүйнөлүк ажаткана күнү менен куттуктады

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңеште депутат Турсунбай Бакир уулу Кыргызстандагы ажаткана көйгөйүн көтөрүп, кесиптештерин Бүткүл дүйнөлүк ажаткана күнү менен куттуктады. “19-ноябрда Брюсселде бул маселе боюнча декларация кабыл алынды. Дүйнө жүзү муну бүгүн көтөрүп жатат. Билесиздер, мен 2 жыл мурун да көтөрүп чыгып, чоң жолдун жээктерине ажаткана куруу керек дегем. Тилекке каршы, ишке ашпай жатат. Туристтерге шарт түзүү үчүн жол жээгинде ажаткана болуш керек”,- деди ал. Депутат дүйнөдө 1 миллиарддан ашуун адамдын ажатканасы жок экенин кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан