"Дарыгер өзүмдү майып кылып, күйөөмдү тартып алды" деген айымдын көйгөйү Жогорку Кеңеште айтылды

Жогорку Кеңештин 20-ноябрдагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова Ош шаарында кургак учуктан жабыркап, оор турмушту башынан өткөрүп жаткан Гүлдана Бердиева аттуу айымдын жазган катын депутаттарга окуп берди. Жабырлануучу айымдын жазган катынын кыскача мазмуну төмөнкүдөй: 
"2011-жылы, колумда 6 айлык балам бар кезинде ооруп калдым. Ооруканага барып текшерилсем Анара Акматова деген дарыгер "өпкөңдө кургак учуктун тагы бар экен" деп билдирди. "Үйдөн дарылансам болобу?" деп сурасам, болот деп 20 миң сомдук дары жазып берди. Бирок дары жыйынтык берген жок. Кийин текшерилсем, оорум күчөп, кургак учуктун жугуштуу түрүнө өтүп кетиптир. Ооруканага жатып чыктым, бирок күйөөм ар кайсы себептерди айтып үйгө келбей калды. Көрсө, мени текшерип жүргөн дарыгер Анара Акматова менен күйөөм чогуу жашап алышыптыр. Кийин Анара телефон чалып, "Гүлдана, өлө элегиңде балаңды бизге берип коё бер, кургак учуктан эч ким жакшы болгон эмес" деди. Учурда күйөөм базарда норка тумак сатат, экөө бактылуу жашап жатышат. Дарыгердин туура эмес дарылаганынан улам оор абалда калдым. Абалым күндөн-күнгө оорлошууда, кенен дем алууга зар болуп жатап жатам". 
Бөдөш Мамырова ушундай мазмундагы катты окуп берип буларды кошумчалады:
"Мен бул катты Ашырбек Темирбаевге (ред. өкмөттүн парламенттеги өкүлү) бербейм, анткени билем сизди. Кантип сонун жооп берип коёруңуз мага белгилүү. Мен муну жаңы дайындалган саламаттыкты сактоо министрине берем. Анан президенттин өзүн кабардар кылууга аракет кылам".
Эскерте кетсек, жабырлануучу Гүлдана Бердиеванын окуясы быйыл июль айында "Супер-Инфо" гезитинин 608-санында жарыяланган эле. Макала менен бул жактан кенен таанышсаңыз болот. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан