Депутаттар “Ошто электр энергиясы жетпей жатса, Бишкекте сырткы жарыктандыруучу чырактар себепсиз күйүп турат” дешти

Депутат Уланбек Нуркулов Жогорку Кеңештин 20-ноябрдагы жыйынында Энергетика министрлиги электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга аракет кылбай жатканын айтып чыкты. Депутаттын билдиришинче, электр энергиясын үнөмдөө үчүн Бишкектеги сыртка жарык берүүчү көчө чырактарын өчүрүү керек. “Ошто свет жок, балдар мектептерде үшүп отурушса, Бишкекте сыртка жарык берчү чырактар себепсиз күйүп турат. Энергия маселесинде ушундай түшүнбөстүктөр көп болуп жатат. Ошон үчүн Казакстандан 2 сомдон алынып келчү светти коммерциялык ишканаларга бөлүп, элдерге өзүбүздөн чыгарылган светти 70 тыйындан берүүнү сунуштайм”,- деди депутат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан