Жогорку Кеңештин 20-ноябрдагы отурумунда депутаттар Орусиядагы эмгек мигранттарын шайлоолорго катыштыруу маселесин көтөрүштү. Турсунбай Бакир уулу мигранттардын 80 пайызы милициянын текшерүүсүнөн коркуп шайлоолорго катыша албай жатканын билдирди. “Орусиядагы шайлоочуларыбыз президентке да, депутаттарга да керек. Бирок алар добуш берүүгө катыша албай келет. Ансыз да көчөгө чыгары менен милиция кармап кетет. Ошон үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы Орусия жана Казакстандын шайлоо комиссиялары менен шайлоо күнү биргеликте иш алып баруу үчүн макулдашуу маселелерин чечиш керек. Орусиянын БШКсы менен сүйлөшсөм, алар макул экенин айтышты”,- дейт депутат.