Жогорку Кеңештин 20-ноябрдагы жыйынында депутат Нарынбек Молдобаев "премьер-министр Жоомарт Оторбаев өзүнө жоопкерчиликти алгысы келбей жаткандыктан, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору дайындалбай жатат" деп билдирди. Депутат жашы пенсия курагына барып калса да, шайлоодо утуп чыккан Алтай Бөрүбаевди ректорлукка дайындоо зарыл деп эсептейт. "Соттун чечимин күтөбүз деп жатышат. Сот иштери 2-3 жылга созулуп кетсе, университет жетекчиси жок тура береби? Алтай Бөрүбаев жакында 65 жашка чыгат, бирок мыйзам боюнча аны дайындашыбыз керек. Президенттикке талапкер болгон адам 64 жашында утуп чыкса, бир жылдан кийин аны "пенсияга чык" деп кызматтан кетире албайбыз го. Бул деле ушундай иш",- дейт депутат.
Эскерте кетсек, аталган окуу жайдын ректорун шайлоо быйыл 18-октябрда өткөн. Анда талапкер Алтай Бөрүбаев алдыга чыккан эле. А.Бөрүбаев 214 добуш алса, экинчи орунду (161 добуш) КУУнун Кыргыз-Кытай институтунун директору Болот Токтобаев, үчүнчү орунду (153 добуш) окуу жайдын Кыргыз-Европа факультетинин деканы Чынара Адамкулова ээлегени жарыяланган.