Депутат Каныбек Осмоналиев бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстанда гериатриялык мекеме түзүүнү сунуш кылды. Айтымында, Кыргызстандын медицинасында геронтология илими жокко эсе. "Бул багытта бирин-экин адистер гана болбосо, муну ишке ашыруу аракеттери аз. Бул илим жеке эле Кыргызстан үчүн эмес, дүйнө жүзүндө актуалдуу. Бул илим адамдын улгайышын изилдөөгө алат. Азыркы тапта республика аймагында калктын өз курагынан эрте картаюусу арбып бара жатат. Бул көйгөйдү колго алуу үчүн гериатриялык мекеме иштеши керек",- дейт депутат. Бул боюнча тийиштүү комитеттерге протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады.