Эртең Казань шаарында "Түрксой" маданият министрлер кеңешинин жыйыны өтөт

Эртең, 21-ноябрда Татарстан Республикасындагы Казань шаарында "Түрксой" маданият министрлеринин туруктуу кеңеши 32-жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Маданият министрлигинин эл аралык байланыш жана инвестиция тартуу бөлүмүнө шилтеме берүү менен мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйында "Түрксойдун" 2015-жылга койгон планынын аткарылышы, башкы катчынын отчёту, убактылуу координаторду тандоо, башкы катчыны шайлоо маселелери каралат. Ошондой эле "Казань түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданий борбору - 2014" программасынын жыйынтыктары талкууланат. 20-22-ноябрда өтө турган иш-чарага маданият министри Алтынбек Максүтов жана министрликтин эл аралык байланыш жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн адиси Нургүл Молдошева катышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан