Бишкек жана Ош шаарларынын салык нормаларын өзгөртүү сунушталууда

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеӊеште “КРнын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын салыктык коэффициенттерин өзгөртүү сунушталып жатат.

Депутат Улукбек Кочкоровдун айтымында, Бишкек шаары үчүн салыктык коэффициент 0,6 пайыздан 3 пайызга чейинки өлчөмдө, Ош шаары үчүн салыктык коэффициент 0,3 пайыздан 3 пайызга чейинки өлчөмдө каралууда. Ал эми калган аймактардын салыктык коэффициенттери азырынча мурдагы бойдон – 0,3-1,2 өлчөмүндө калтырылат. Бирок кийинчерээк алардын ар бири өз алдынча каралып чыкмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан